Былтыр Тажикстанда жашы жете элек 2 жарым миңге жакын кызга никеге турууга уруксат берилген. Бул тууралуу Тажикстандын Жогорку Сотуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган мамлекетте күнүнө 18 жашка чыга элек 6-7 кыз турмушка чыгат. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, никеге туруунун расмий курагы 18 жаш. Эгерде кыз эрте кош бойлуу болуп калса, ата-энеси катуу ооруса, соттун чечими менен 17 жашта турмуш курганга уруксат берилет.