Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргыз улуттук курамасы Босния жана Герцеговина курама командасын жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, квалификациялык турнир Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. Аталган оюнда Кыргыз курама командасынан Владимир Носов, Максим Егоров, Владимир Тонких, Саламат Тыналиев, Олег Колодий, Даниил Шушенков, Жанболот Тагаев жана Михаил Чувалов айырмаланып атаандаштардын дарбазасына 14 шайба киргизишкен. Жыйынтыгында оюн 14:3 эсеп санында Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Тандап алуу оюндарынын 1-турунда Кыргыз курамасы Кувейтти 14:0 эсебинде, ал эми 2-турда Таиландды 6:2 эсебинде утуп алган. Азыркы тапта Кыргыз курамасы тандап алуу тайпасында алдыңкы орунда.
Ал эми бүгүн, 4-апрелде Кыргыз курамасы Гонконг курамасы менен кез келет.