Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү футболдук беттеш өткөрүшөт

6-апрелде Бишкек шаарында Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата футзал боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирде Жогорку Кеңештин депуттаттары жана өкмөт өкүлдөрү мелдеш өткөрөт. Ошондой эле аталган турнирде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата өлкө ичинде өтө турчу бардык спорттук иш-чараларга старт берилет.

Маалымат үчүн:

Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын 6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленет. Майрам 2014-жылдан баштап өкмөттүн токтому менен белгиленип келет. Аталган токтом БУУнун Башкы Ассамблеясы 6-апрелди спорттун эл аралык күнү деп кабыл алгандан кийин чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kurstan_CR7
2019-04-04 09:08:41
Кечеки футбол болгон жерге ойнотуш керек...
+5
Dembele84
2019-04-04 10:06:50
Kurstan_CR7,Ал стадионго барса биздин ХХХХХ опкосу кобуп жыгылып,эвакуатор менен жуктоп кетишке туура келет аларды...
+3
Emilzima
2019-04-04 10:11:31
Мурда эле ойноп койсонор чек ара маселеси чечилип калмак. Мейли эми али да кеч эмес.Ойной бергиле
0
dosym
2019-04-04 10:14:25
Ойноп жүрө бергиле, баарибир эч нерсе чече албайт экенсиңер, 2020 да эч киминди шайлабайбыз
0
urmat94
2019-04-04 10:14:52
Омурзаков атындагы стадионго ойношсун корсун алар дагы
0
Aikaaaa
2019-04-04 10:56:32
urmat94,ал жака ойношсо территория чоң болуп курсактарын көтөралбай жыгылып калышпайбы, чакан эле газон площадкаларга ойношсо керек
0
volk27
2019-04-04 13:00:15
Көйгөйлөрдү чече берип чарчадынар бечаралар эс алгыла эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан