Милан шаарында италиялык жигиттер кыргыздын "Кыз узатуу" каадасын аткарып беришти

Италиядагы Милан шаарында жашап жаткан кыргыздар чогулушуп, кыргыздын "Кыз узатуу" салтын италиялыктарга тааныштырды. Бул тууралуу "Кыргыз-Италия" маданият борборунун жетекчиси Бурмачач Томоева SUPER.KG порталына маалымдап, анда тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

Томоеванын айтымында, жыл сайын жаз айларынын биринде аталган шаардагы мекендештер Нооруз майрамын биргеликте белгилөөнү адатка айлантышкан. Сөзсүз эле 21-мартта эмес, ал жактагылардын шартына жараша башка күндөрү майрамдалган учурлар болот.

"Быйыл да Ноорузду 21-марттан кечирээк белгиледик. Бирок бул жылы абдан кызыктуу өттү. Биринчи жолу чогуу белгилейбиз деген демилге көтөрүлгөндө 20-30дай эле кыргыз чогулганбыз. Кийинки жылдарда казак туугандар да кошулуп 70-80дей адамга жеттик. Бул жылы Кыргыз жеринен Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова келип, биз сагынып жүргөн ырларды аткарып берип, черибиз жазылды", - деди ал.

Ошондой эле бул күнү кыргыздын улуттук тамак-аштарынан жасалган дасторкон жайылып, келген конокторго да тааныштырылды.

"Биз бул майрамды белгилөөнүн алкагында кыргыздын каада-салттарынын бирин жергиликтүүлөргө тааныштырабыз. Бул ирет "Кыз узатуу" каадасын көрсөтүп бердик. Италиялык жигиттер өздөрү да аткарып көрүүнү каалашып, анын негизинде биздин маданиятыбыздын бул бөлүгүн жакшылап билип калышты. Алар улуттук бийлерибизге абдан суктанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө казакча ырлар да жаңырып, домбра чертилди. Гүлнур эжекебиздин (ред. Сатылганова) аткаруусун кечеге келген белгилүү италиялык ырчы Аль Банонун достору жогору баалашып, аталган ырчы менен дуэт жаздырууну сүйлөшүштү", - деди Томоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2019-04-04 17:35:34
Мм казактарды кошпой эле койгулачы мындан кийин...просто жаман кыйнап жатат таможнясы Бир боорлорун....
+3
Nur777
2019-04-04 21:59:55
Казагы жок эле откозгулочу,алар жакшы нерсенин аарын озулоруно ыйгарып алышат,уже казак твларынан биз Италияда ушундай иш-чара откозуп кыргыз баурларды чакырдык,келип конок болуп кетишти деп корсотуп атат деп ишене бергиле,отвечаю!)))
+2
Medina87
2019-04-05 00:48:13
Нооруздун озгочолугун, элибиз учун ыйык майрам экенин Кыз узатуу салты менен коштоп Италияга КЫРГЫЗ ЭЛИН тааныткандары учун уюштуруучуларга мин алкыш!!
Бирок, сумолок эмес казак бауырлардын Науырыз кожесин кайнатыпсынар((
-1
Medina87
2019-04-05 01:16:57
Анан да айткым келгени мен Алматыда Бир канча жылдан бери МИГРАНТМЫН!
Бешбармак биздин улуттук тамак деген бауырларды Бир соз менен отургузуп келем.
Жарайт сендердiн улттык тамак екен а неге БЕС САУЫСАК деп атамайсындар?!
БЕШБАРМАК биздин УЛУТТУК ТАМАК деп.
Ээх, айта берсем соз коп, бирок, мен аял да болсом КЫРГЫЗ ЭЛИМ учун Патриотмун!!
+1
Kim-raev
2019-04-05 02:59:27
Чек араны айтпай деле койсонор болмок ал жон Гана сайасатчылардын тирешиго. Казак элинде не куноо казак кыргыз Бир тууган деп эле журобузго илгертен Бир чек арасын жаап койсо капа болосунарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан