"Жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Дека Сокулукта жеке концертин коймок, бирок ырчылар элди алдап келбей койду", - деп окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" кайрылган. Анда концерт саат 19:00дө башталары, бирок ырчылар келбегендиктен көрүүчүлөр күтүп отуруп тарап кетишкени маалымдалган. Ал эми афишада көрсөтүлгөн номерге байланышканда алар концерт тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин айткан.
Жогорудагы окуя боюнча Аваз Акимовго байланышканыбызда концерт тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты.
"Айдана экөөбүз аймактарга чыгып, концерт коёлу дегенбиз. Биринчи концертибизди 8-апрель күнү Баткенден баштамакпыз. Андан кийин башка облустарга концерт коймокпуз. Ал эми Сокулуктагы концерт тууралуу биздин дагы маалыматыбыз жок болчу. Кечээ, 3-апрелде бизге Инстаграмдан "Сокулукта концерт коёт экенсиңер" деген каттар келип жатты. Биз түшүнбөй калдык. Сураштырсак билет сатылбаптыр, болгону биздин мурунку концерттерде афишага колдонгон сүрөттөрүбүздү илишиптир. Азыр афишаны илгендерди, концерт болот деп жалган маалымат тараткандарды издештирип жатабыз. Бизди күйөрмандарыбызга жок жерден уят кылышты", - дейт ырчы.