КИНОЗАЛ! Эксклюзив: Жеке концертинде күйөрмандарына кызын тааныштырган ырчы Асел Турдалиеванын "25 жыл чоң сахнада" аттуу концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиеванын "25 жыл чоң сахнада" аталышындагы концерти жүктөлдү. Концерт 2018-жылдын 21-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн.

"Бул концертти өткөрүүнү бир жыл мурун пландап, 3 ай тынымсыз даярдангам. 25 жыл көз ачып жумгандай өттү, бир кезде мен устат, мугалим болгон ырчылар бүгүн менин досторум, сахналаштарым болуп калышты", - дейт Турдалиева.

Концерт бир гана музыка, ыр менен эмес, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдүн коштоосунда өтүп, өзгөчөлүк жараткан. Ал эми концерттеги кызыктуу номерлердин бири - ырчы сахнага кызын алып чыгып, ага ыр арнаганы жана "Ак Шоола" балдар хору менен биргеликте аткарган "А мен аяй баламын" аттуу театралдаштырылган ырлары болгон.

Мындан тышкары Асел Турдалиева Элзар Өскөнбаева, Кенже Көбөкөва, Гүлжигит Калыков, Съездбек Искеналиев, Токтобек Асаналиев, Урмат Усенов менен Неля, Ирлан Таалайбеков жана башка ырчылар менен дуэт ырдаган. Алып баруучулук милдетти актёр жана режиссёр Назым Мендебаиров аркалаган.

Асел Турдалиеванын көп кызыктар менен коштолгон концертин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан