Жаш экениңизге карабай чачыңыз агара баштадыбы? Канчалаган акчаны коротуп, ак тал чачын жашырууга аракет кылган кыз-келиндер да бар чыгар. Мындай күндөрдөн тажап, өзүнүн агарган чачын кабыл алган айымдар да жок эмес.
Марта Труслоу Смит аттуу колдонуучу 2016-жылы Инстаграмга жөнөкөй жана ошол эле учурда айымдар үчүн кыйынга турган миссия менен баракча ачкан. Ал баракчага чачы агарып баштаганына түз көз карашта болуп, өзүн бактылуу сезген айымдардын сүрөттөрү чыгып турат. Ар бир айым чачынын өңү өзгөрүп баштаганда кандай сезимдер болгонун айтып беришет. Чачына ак түшө баштаган кыз-келиндердин сүрөтүнө карап "алар эрте картайып баштаган го" деп да айтпайсың. Айымдардын чачы өзүнө жарашыктуу жана учурдагы заманбап чач жасалгалардан кем эмес.