Ырчы Мирбек Иманбеков күйөрмандарына "Жаным" аттуу ырына тартылган жаңы клипти тартуулады. Өз учурунда популярдуу болгон ырды угармандары жакшы кабыл алышты. Жаңы аранжировка жасалган композицияга рэп да кошулган. Бирок клип боюнча түрдүү пикирлер жаралып, ал талкууга кабылды.
Ырчы Мирбек Иманбековдун 10 жыл мурун тартылган клиптери аркылуу көпчүлүк эстеп калса керек. Бир канча убакыт тыныгуудан кийин, өзүнүн хит ырларынын бирин жаңылап ырдап чыгышы да күйөрмандары үчүн күтүүсүз болду.
Көрүүчүлөр жаңы клипте Мирбек Иманбековдун кийинүү стилине көп басым жасашууда. Ырчы ак костюм менен жилет, кара шым жана шляпа кийген. Бирок көйнөк кийбей мойнуна чынжыр такканын, рэп ырчысы өңдүү башына бандана байлап алганын көрүүчүлөр сынга алышкан.
Ырчы бул тууралуу: "Клиптен кийин мени менен сүйлөшпөй койбоңуздар. Достор, жөн гана чыгармачылык деп билиңиздер," - деп билдирүү жазган.