Түштүк кореялык 34 жаштагы Жи Ён У бодибилдинг менен 2 жыл машыгып, анын жыйынтыгы көпчүлүктү таңдантты. Чет элдик маалымат булактары келбети назик кыздын кандай өзгөргөнүн жазышып, сүрөтүн салыштырган.
Жи Ён У спорт менен машыкканга чейин арык, назик, алсыз кыз көрүнгөн. Ал бала чагынан тартып аябай уялчаак болгондуктан спорт менен машыгып, мындай мүнөзүнөн арылам деп ойлогон. Бирок машыгуу залы аны байкатпастан башка нукка бурган. Бир нече ай машыккандан кийин бодибилдинг менен өз алдынча машыккан кыздардын мелдешине катышып көрүүнү чечкен. Жи Ён У өзү күтпөгөн жерден 1-орунга ээ болгон. Андан кийин мелдеш артынан мелдешке катышып жатып көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анткени менен анын жүзүндөгү назиктик менен денесинин чымыр экенин көпчүлүк айкалыштыра албай келет.
Жи Ён Уну кадимки жашоо шартта көргөндөр аны спорт менен машыгат деп ойлошпойт. Анын жүзүнүн сулуулугуна суктангандар көп.