Германиянын Раден шаарында бул мамлекеттеги акыркы норка ферма да жабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, анын жабылышына жаныбарларды коргоочулардын аларга карата жасап жаткан басымы себеп болгон. Ушул жылдын март айында жаныбарларды коргоо боюнча жергиликтүү бюро дрондун жардамы менен норкалардын оор шартта, тар торлордо кармалып багылганын көрсөткөн. Анда фермадагы жаныбарлар үчүн тосулган торлор өтө тар болгондуктан алар араң эле кыймылдап жатканы көрүнгөн. Бюронун билдирүүсүнө ылайык, норкаларга суу жетиштүү берилбегендиктен, алар тынч ала албай калышкан.
Мындай видеодон кийин ал жерге ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү текшерүүгө алган учурда фермада бир да жаныбар болгон эмес. Ферманын кожоюну анын бизнеси 2017-жылы жаныбарларды коргоо жөнүндөгү мыйзам күчөтүлгөндөн кийин артка кеткенин айтып, ишмердүүлүгүн токтотконун билдирген. Ошондой эле ал акыркы норкаларын Финляндиядагы фермага сатканын белгилеген. Бир катар өлкөлөрдө жаныбарларды коргоо уюмдары алардын терисинен кийим тигүүгө каршы туруп келишет.