Улуттук кураманын футболчусу Виктор Майер УЕФАнын машыктыруучулук лицензиясына ээ болду

Улуттук кураманын футболчусу Виктор Майер УЕФАнын машыктыруучулук лицензиясына ээ болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Майер В категориясындагы лицензия үчүн сынакты ийгиликтүү тапшырды.

"Мындан ары Майер өспүрүм куракка чейинки оюнчулардан куралган жана биринчи, экинчи дивизиондогу командаларды машыктырууга укуктуу.

Учурда коргоочу өзүнө жасалган операциядан кийинки калыбына келтирүү курсунан өтүп жатат. Калыбына келүү процесси ийгиликтүү өтүп, футболчу өз алдынча көнүгүү жасап, чуркоо менен алектенип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Виктор Майер Кыргыз улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойноп келет. Майер курам менен 15 беттешке катышып, 1 гол киргизген. Учурда 29 жаштагы коргоочу германиялык "Виденбрюк" футболдук клубу менен келишими бар.

Коргоочу Азия Кубогуна даярдык көрүү максатында Катарда өткөн окуу-машыгуу жыйындары учурунда жаракат алып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан