Мирбек Иманбеков: "Жаным" аталышындагы клиптеги имиджим менен чыгармачылыгымды улантпайм. Кийинкиде башка имидж менен чыгам"

Өз учурунун популярдуу ырчыларынын бири Мирбек Иманбеков "Жаным" аталышындагы чыгармасын жаңылап, ага клип тарттырган. Бул клиптен кийин ырчынын күйөрмандары эки жээкке бөлүнүп, бири чыгармачылыктагы жаңылануу деп кабыл алса, бири сынга алган. SUPER.KG порталы ырчыга байланышып, талкуу жараткан клип боюнча жооп алды.

Тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтып келген ырчы эски ырларын жаңылап чыгуунун үстүндө иштеп жатканын айтат.

"Негизи репертуарымдагы эски ырларды жаңылап ырдап чыгайын деп пландап жүргөм. Мага ырчы Наргиза Айтемирова менен Айпери Суранчиева "Таластык кыз" деген ырымды рэп вариантында аткарып чыгууну сунуштаган. Бирок ал ырды рэп вариантында аткаруу жарашпай калат экен. Ошентип кыздар менен кеңешип ушул "Жаным" чыгармасына токтолдук. Ырды жаздырууну кыздар колго алып, даяр болгондо мага угузушкан. Ыр мага да жагып, Наргиза экөөбүз аткарып чыгууну чечтик. Клиптин сценарийин Айпери Суранчиева менен Наргиза Айтемирова даярдап, мага көргөзүштү. Мен макул болуп, клипти Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан тартып келдик".

Ырчы клип тартып жатканда алдын ала айтыла турган сындарга даяр болгонун айтып, буларга токтолду.

"Мен айтаар элем, бул ойлонуп жасалган иш, кеңешип тартылган клип. Рэпти мен айтып көрдүм, бирок окшошподу. Ошондон улам Наргиза Айтемирова айтты. Ал эми кийимим тууралуу айтсам, ал болгону стилдин бир түрү. Жалгыз эле мен костюм-шымдын ичинен көйнөк кийбей жүргөн жокмун. Көйнөктү дагы атайын кийген эмесмин. Клип чыккандан кийин сындар көп болорун билгенбиз. Сын-пикирлер айтылып жатканы жакшы. Демек, күйөрмандар көрүп, угуп жатышат. Мен ушул имидж менен калып чыгармачылыгымды улантпайм. Кийинки клиптерде дагы башка стилде чыгам", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
-FREEDOM-
2019-04-05 18:59:33
Кийими жарашпайт экен.
+3
Eldiyar85
2019-04-05 19:10:07
Мирбека потеряли .
+2
Nursbaike
2019-04-05 19:41:11
Мындайча айтканда дем алып атат жашап кетет дегендей эле кылып корупсунда
+5
zhaku2017
2019-04-05 20:04:39
Мирбек Иманбеков эч убакта интернеттеги ушакчылардын ою менен жашаба. Сен кичинекей бала эмессин. Оз башын озундо. Искуство есть искуство. Клип сонун болгон. Имиджин мага абдан жакты. Азыр интернеттен жакшы соз укпай калганбыз. Эл ушакты тез кабыл алат. Оркундой бер.
-3
elebes86
2019-04-05 20:09:16
Мирбектин бут ырлары жагат. Клиби сонун эле болгон. Эл дурбосо эшек дурбоптур болуп, биринчиси эмнени суйлоп койсо, калганы ошондой тематикада ушактарын уланта берет экен да. Наргиза Айтемирова сексуальный кыз да. Ушундай кыздар кимге гана жакпасын.
-3
izdeim_seni
2019-04-05 20:21:27
Мирбек Кайрат "Кыргызыбызды" жолдо калтырды го))))
+2
ms.95.ma4o
2019-04-07 01:03:21
Кайрат Кыргыз 2
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан