Кытайда ири имараттарды курууда айрым турак үйлөрдүн ээлери үйүн сүрдүрүүгө каршы чыгышкан. Мындан улам курулушчулар ошол үйдү гана айланып өтүүгө мажбур болушкан. Кытайда мындай үйлөрдү "Мык үй" деп аташат.
Бир гана көп кабаттуу үйлөр эмес, жолдордун курулушу, учак конуучу тилкелерде да бузулбай, мурунку абалы менен калтырылган үйлөр бар. Айланасындагы курулуштардын алдында жупунулугу менен көзгө көрүнүп турган үйлөр күчтүү каршылык көрсөтүүнүн символу болуп калган.