Окумуштуулар Марста өсө турган өсүмдүктү ойлоп табышканын айтып чыгышты

АКШдагы окумуштуулар тобу өзүн-өзү зыяндуу химикаттардан сактап, жарыкты эффективдүү сиңире ала турган металл органикалык каркас түзүмдөрүн чыгаруучу өсүмдүктөрдү ойлоп табышты. Алар Марстагы катаал шартта да өсө алат деп болжолдонууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Адам баласы миңдеген жылдар бою өсүмдүктөрдү өзгөртүп, жакшыртууга аракет кылып келет. Биздин изилдөөбүз да ошондой иштердин уландысы десек болот. Өсүмдүктөргө металл органикалык каркас түзүмдөрүн кошуп турсак кандай реакция болорун, кайсынысы өз алдынча синтездөөнү баштаарын иликтеп көрүүнү чечтик. Кошулмалар өсүмдүктөрдүн жок болуп кетпөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатат", - дейт долбоордун авторлорунун бири Жозеф Ричардсон.

Окумуштуулардын айтымында кошулмалар өсүмдүктөрдөгү фотосинтез процессин жакшыртып, зыяндуу нурлардан сактай алат. Изилдөөчүлөр эксперимент толугу менен аяктаганда өсүмдүктөрдү Марста да өстүрүү мүмкүн болуп каларын айтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2019-04-06 09:24:12
Бул осумдук эмнеге пайда эмнеге зыян ошону жазбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан