Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыкты

28-июлда Бишкектеги Рыскулов көчөсү 33 дарегинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Өрт имараттын эң жогорку кабатында, темирлерди ширетүү (сварка) учурунда келип чыккан. Маалыматка таянсак, ширеткичтен чыккан учкун күнгө какшып кургаган тактайга жабышып, ал акырындык менен күйүп баштап, чоң жалынга айланган. Өрттү өчүрүүгө шаардагы №4-8-өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, жалын каптаган 35-50 чарчы метр аянтты жарым саатта өчүрүп калышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ХАНЗАДА
2013-07-29 13:13:59
Азыртан эле өрт чыгып атса, курулуп бүткөн сон кандай болот? Эптемей үй курулуп жаткан экен да, демек!
0
Oluttuu
2013-07-29 14:19:05
ХАНЗАДА, учкундан деп жатпайбы. Күн ысык араң турат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан