Германиянын "Three Fall" трио джаз-бенд тобу Бишкекке жана Ошко концерт коюшат

9-апрелде германиялык "Three Fall" трио джаз-бенд тобу Кыргыз мамлекетине келет. Бул тууралуу Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган топ Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында концерт берет. Концерт аталган элчиликтин уюштуруусу менен өтөт. Ошондой эле концерттик программада джаз стилиндеги түрдүү чыгармалар жаңырат. Мындан тышкары ушул эле концерт 10-апрелде Бишкекте болот. Кирүү акысыз.
"Three fall" трио джаз-бенд тобу буга чейин Кытай, Египет, Испания, Италия, Орусия сыяктуу бир катар өлкөлөргө концерт тартуулаган. Бул топтун ырларын жаштар сүйүп угат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaary
2019-04-08 11:59:45
Суутуп коюптурбу Ошто буларга? Бекер сыр капканда. Жаштарыбыздын идеологиясын, маданиятын бузганы келе жаткан го, Кирбеш керек!!! Андан көрө китеп окуш керек бул текке кеткен убакытка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан