Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте КСДПнын кезектеги 18-курултайы өттү. Аталган курултайга партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Курултайда партиянын саясий кеңеши тандалды.
Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова саясий кеңешке 42 киши киргенин айтып, 13ү жакынкы күндөрү аныкталарын белгиледи. Алардын арасында КСДПнын парламенттеги фракциясынан депутаттар, экс-депутаттар, Бишкек шаардык Кеңешиндеги социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү жана укук коргоочулар бар экени маалым болду .
Бүгүн КСДПнын саясий кеңешинин курамына киргендердин тизмеси:
1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович;
2. Абдыразаков Батырбек Шайдуллаевич, Жалал-Абад облусунун коoрдинатору;
3. Айтикеев Мирбек Оңолбекович, КСДПнын мүчөсү;
4. Артыков Анвар Артыкович, Жогорку Кеңештин депутаты;
5. Ашканбаев Таалай Таабалдиевич, КСДПнын мүчөсү;
6. Борбукеева Рита Нурманбетова, Ысык-Көл облусунун координатору;
7. Докенов Эрнис Шарапидинович, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
8. Дүйшембиев Жоомартбек Абдыкапарович, КСДПнын мүчөсү;
9. Жамгырчиев Амантур, "Айкөл Ала-Тоо" коомунун төрагасы;
10. Жолдубаева Кундуз Асылбековна, КСДПнын расмий өкүлү;
11. Жумаев Алтынбек Мусаевич, коомдук ишмер;
12. Ибраимов Албек Сабирбекович, Бишкек шаарынын мурунку мэри;
13. Ибраимов Мурат Жумабекович, Кемин районунун координатору;
14. Измалкова Алла Николаевна, коомдук ишмер;
15. Исаков Сапар Жумакадырович, мурдагы премьер-министр;
16. Камаева Айчүрөк Үсенбековна, "Эр-теги" коомунун төрайымы;
17. Карамушкина Ирина Юрьевна, Жогорку Кеңештин депутаты;
18. Касымбеков Нурбек Айтиевич, КСДПнын юристи;
19. Кодуранова Асель Союзбековна, Жогорку Кеңештин депутаты;
20. Кулматов Кубанычбек Кеңешович, мурдагы Бишкек шаарынын мэри;
21. Кутушев Абдыманап Орозбаевич, коомдук ишмер;
22. Кылычов Алга Зарипович, Нарын облусунун координатору;
23. Ложников Дмитрий Валерьевич, КСДПнын мүчөсү;
24. Мадеминов Мурадыл Ганиевич, Жогорку Кеңештин депутаты;
25. Мамытова Назгүль Туратбековна, КСДПнын мүчөсү;
26. Мискенбаев Мээрбек Жайлообаевич, КСДПнын мүчөсү;
27. Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Жогорку Кеңештин депутаты;
28. Мукамбетова Сайракан Сагыновна, Балыкчы шаарынын координатору;
29. Мусакеев Дамир Сагындыкович, КСДПнын мүчөсү;
30. Окенов Эрмек Төлөгөнович, КСДПнын мүчөсү;
31. Өмүрбек кызы Гүлназ, КСДПнын мүчөсү;
32. Орозобеков Бакыт Орозобекович, КСДПнын мүчөсү;
33. Орозова Карамат Бабашевна, Жогорку Кеңештин депутаты;
34. Раимжанов Токтасин, КСДПнын мүчөсү;
35. Рахманов Эмиль Азиретович, Ош облусунун координатору;
36. Самилов Кыяз Абдулашимович, Чүй облусунун координатору;
37. Султанбеков Темирлан Медетбекович, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү;
38. Турдукулов Адиль Ильясович, КСДПнын мүчөсү;
39. Усубалиев Таалай Болотбекович, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси;
40. Халикова Ашэра Леджебовна, коомдук ишмер;
41. Шекимбаев Тургунбек Айнакулович, Жайыл районунун координатору;
42. Самигуллина Альфия, Жогорку Кеңештин депутаты.