Бүгүн, 7-апрелде балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын тургуну Юрий Новиков менен анын аялы Роза Новикова 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Бүгүн көлдүн жээгинен Юрий Новиковдун денеси табылган. Жубайлардын эки баласы бар. Кызы 8-класста жана уулу 2-класста окуйт. Бул үй-бүлө аз камсыз болгондуктан жубайлар буга чейин жалданма иштерде иштеп, балдарын багып келишкен.
Буга чейин бул жубайларды издөө туугандары тарабынан токтотулганын ӨКМнын басма сөз кызматы 11-мартта SUPER.KG порталына билдирген.