Валентина Шевченко: "Мекениме келип абдан толкунданып турам"

UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 7-апрелде Кыргыз жерине келди. Аны аэропорттон апасы баш болгон жакындары жана бир топ күйөрмандары тосуп алышты.

Акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келген мушкер мекенине кайтып келгенине кубанып, толкунданып жатканын жашырган жок.

"Акыры машыктыруучум менен биргеликте мекениме жетип келдик. Кыргыз жерин абдан сагындым. Аябай толкунданып турам", - деди Шевченко.

Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында эртең, 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, 16:00дө күйөрмандары менен жолугушат. Ал эми 9-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekish-
2019-04-07 21:04:33
Азамат ийгилик каалайм
+11
ekaterinburg
2019-04-08 00:41:45
Валя!Мекеним деген жанындан сенин!
+7
souza.j
2019-04-08 10:51:26
Кош келипсин Валя!Сени ар дайым урматтайбыз.
+2
milan-707
2019-04-08 11:00:31
Проста красавица ийгилик ишине
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан