Өзбекстандын Кыргызстанга жакын аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн, 29-июлда саат 11:29да Өзбекстандын Кыргызстанга жакын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында болуп, Кокон шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгыш тарабында, Наманган шаарынын түштүк-батыш тарабынан 65 чакырым алыстыктан орун алган. Жер титирөөнүн күчү Кыргызстан аймагында сезилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан