Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 гектар жайыт өрттөндү. Мындай маалымат “101” кызматына 28-июлда саат 14:00дө келип түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМнын облустук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, жалын 19 саат дегенде толук өчүрүлгөн. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.