UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Бишкек шаарында маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Ал сөзүндө Бишкектеги "Ош базары" тууралуу кеп козгоп, аталган базарды убактысы болуп калса сөзсүз кыдырарын белгиледи.
"Мен Кыргыз жеринде төрөлүп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Менин бүгүнкү күндөгү жетишкен ийгиликтериме мекенимдин түздөн-түз таасири тийди деп эсептейм. Бош убактымда көп нерселер менен алектенгенди жактырам. Мисалы, ок атуу менен алектенген жагат. Андан сырткары тынчтыкты жакшы көрөм. Үйдө жалгыз отурганда тамак жасаганды, жакындарым менен баарлашканды жактырам.
Азыркы учурда мен үчүн биринчи орунда карьера турат. Карьера менен жеке жашоону биргеликте алып кетүү, албетте, мүмкүн. Бирок менин оюмча, экөөнү чогуу алып кеткен учурда же ары эмес, же бери эмес болуп калат. Ошондуктан азыр жеке жашоо тууралуу ойлонууга эрте.
Бишкекте кооз жерлер көп. Алардын арасынан "Ош базары" менин жүрөгүмө жакын. Бул жакта бир жума болом, эгерде убактым болуп калса, сөзсүз түрдө "Ош базарын" кыдырам. Бир нерсе сатып алуу үчүн эмес, жөн гана ал жактын атмосферасын сезүү үчүн. "Ош базары" жөн эле базар эмес, биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү деп ойлойм. Ысык-Көл сыяктуу эле мен үчүн "Ош базары" да мекенимдин кооз жерлеринин катарына кирет", - деди Шевченко.