Мушкер Валентина Шевченко учурда Кыргыз жеринде. Ал Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Шевченко алгач эл алдында сөз сүйлөп жатып, Кыргыз жериндеги күйөрмандарынын ага болгон колдоосу жана сүйүүсү беттеш учурунда чоң дем бере турганын белгиледи. "Сиздер ар дайым мени менен жана жүрөгүмдөсүздөр. Сиздердин мага болгон сүйүүңүздөр, колдооңуздар менин жеңишке жетишүүм үчүн мага өзгөчө дем берет", - деди ал.
Андан кийин күйөрмандары тарабынан 10дон ашык суроо берилди. Бирок суроо берүүдөн дагы аны менен сүрөткө түшүүнү каалагандар көп болду. Алардын бири Шевченко менен сүрөткө түшкөн соң, көзүнө жаш алды.
Мушкер туулган жерине 8 жылдан бери биринчи ирет келип отурат. Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFС уюумунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.
Шевченко 2018-жылдын декабрь айында өткөн соңку беттешинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.