Франция курама командасынын жана "Атлетико" клубунун футболчусу Антуан Гризманн 2-жолу ата болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалым болгондой, чабуулчунун жубайы Эрика Чоперена 8-апрель күнү эркек төрөдү. Жубайлар уулунун атын Амаро коюшкан.
Футболчу менен жубайы буга чейин бир кызды тарбиялап келишкен. Алардын Мия аттуу кызы да 2016-жылы 8-апрелде төрөлгөн.
Гризманн "Атлетико" клубунун катарында 2014-жылдан бери ойноп келет. Учурдагы сезондо ал 31 беттешке катышып, 13 гол жаратканга жетишти. Ал эми Франция курама командасынын катарында Гризманн 2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алган.