9 жаштагы кыргыз шахматчысы Айжан Съездбекова шахмат боюнча Азия чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу анын атасы Съездбек Таштекеев билдирди.
Белгилүү болгондой, Шри-Ланкада өтүп жаткан чемпиондукка Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Жаңы Зеландия, Индия, Иран, Монголия, Вьетнам, Таиланд, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн келген 8 жаштан 18 жашка чейинки шахматчылар катышып жатат.
"Кызым 53 шахматчы катышкан 10 жашка чейинки кыздардын арасындагы мелдеште 8 оюн өткөрүп, баарында жеңишке жетишти. Жыйынтыгында мелдештин алтын байгесин тагынды", - деди Таштекеев.
Шахмат федерациясынын маалыматына ылайык, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 спортчу катышып жатат.