Казакстандын президентин шайлоо эки айдан кийин өтмөй болду

Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев жарыялады.

"Мен Елбасы Нурсултан Абишевич Назарбаев менен кеңештим.

Парламенттин эки палатасынын төрагалары жана премьер-министр менен макулдаштым.

Конституциялык Кеңеш менен чечимимди талкууладым.

Парламенттик партиялардын лидерлери менен жолуктум.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу чечим маанилүү жана керектүү.

Елбасынын аркасы менен биз дүйнөдөгү ийгиликтүү, абройлуу мамлекетти курдук. Казакстан менен бүт дүйнөдө эсептешет. Бүгүн биз тарыхый нерсеге күбө болуп турабыз. Жогорку бийлик тынч мезгилде Конституцияга ылайык өткөрүлүп берилди. Бул дүйнө коомчулугунун сыйына татыды.

Дүйнөдөгү кырдаал биз үчүн терс жакка бат өзгөрүп жатат. Биз ички жана тышкы саясатыбыздагы туруктуулукту көрсөтүшүбүз керек. Елбасынын стратегиясынын жана социалдык программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча ишти улантуу зарыл.

Казакстан - демократиялык мамлекет, ошондуктан президентти эл шайлайт", - деди Токаев.

2019-жылдын 19-мартында Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кеткен. 20-мартта өлкө башчынын ыйгарым укуктары парламенттин сенатынын төрагасы болгон Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан