Францияда чочко союп жеген аял соттолду

Франциянын Бретань өрөөнүнүн тургуну үй жаныбары катары багып жүргөн чочкону союп жеп алганы үчүн соттолду.

Чет элдик маалымат булактарынын жазганына караганда, Бейб аттуу 2 айлык торопойду жаныбарларды коргоочу уюмдун кызматкерлери өлүмдөн сактап калышкан. Куткарылгандан кийин торопой 2 жыл бою жаныбарларды кармоочу жайда багылган. Жаныбарлар багылуучу жай башка районго көчүп жаткандыгына байланыштуу Бейбге кожоюн издеп башташат. Мекемеге кошуна жашаган 40 жаштагы аял чочкону багып алууга макул болгон. Приюттун жетекчилиги аял менен келишим түзүп, анда чочкону эт катары пайдаланууга эмес, үй жаныбары катары багууга кол койдурган.

Бейбди багуудан тажап кеткен кожойке чочконун көзүн тазалоо үчүн мурдагы күйөөсүнө кайрылган. Ал касапчыны ээрчитип келип чочкону аттырып, жиликтетип берген. Кандайдыр бир себептерден улам полиция кызматкерлери билип, аялдын үйүн тинтүүгө алганда 110 килограмм консерваланган жана майдаланган эт табылган. Окуяга аралашып калган мурдагы күйөөсү суракка алынганда, ал аял чочкону жеш үчүн эле бакканын айтып берген.

Сот аялды мал союучу жайда эмес, үйүндө жаныбар өлтүргөнү жана ишенип берилген нерсеге карата кыянаттык кылганы үчүн 500 еврого (40 миң сомдун айланасы) айыпка жыккан. Ошондой эле ал шарттуу түрдө 3 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Benazir08
2019-04-09 18:40:03
Раса го гана эми бизде эшкаларды багып экспорттогула дешсе кыргыздар тентибей эшка сатып эле байышат эле
0
taalay25
2019-04-09 18:54:10
Бир чочко 110 кг эт береби?
+1
Mamiev
2019-04-09 19:10:41
Бизде эмне жаныбарды коргоо уюму жокпу. Эшек арам болсо да эмгеги адал. Ал дагы Кудайдын жараткан жаныбары. Карап койгон адам жок. Эшекти союп деле жатат сатып деле жеп уурдап кытайлар кырмай болду
+4
Ruslan-bel-oruk
2019-04-10 00:29:25
Просто жиндилер башка не дейбиз арам адам ды сотошуп жатат
-2
ainura220888
2019-04-10 01:55:47
Жаныбарларды коргоо уюму бар бизде, просто байкуш эшектер кызыл китепке кирбегенда. Биздикилер сауна ресторанга барганын айтып мактанып кимиси агын кимиси кызылын ичкенин мактанып буткучо эшекда жок болуп бараткан жаныбарлардын катарына кирип кызыл китепке кирип корголо баштайт. Мурдаа кошунабыздын эшектери 30чакты болот эле. Анан акем раматылык эшек кымбатап кетсе ушулар байып кететда дей берет эле))) ошолорду эле эстей берем азыр)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан