9-апрелден 10-апрелге караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алкагындагы оюндар старт алат. Бул күнү жарым финалга чыгуу укугу үчүн "Тоттенхэм"-"Манчестер-Сити" жана "Ливерпуль"-"Порту" беттештери орун алат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1:00дө башталат.
Командалардын жооптук беттеши 18-апрелде орун алат.
Мелдештин жарым чейрек финалында дагы төмөнкү беттештер өтөт:
"Аякс"-"Ювентус"
"Манчестер Юнайтед"-"Барселона"