Бишкекте ордо оюну боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеш 26-апрелден 29-апрелге чейин уланат.
"Кыргыз Республикасынын чемпиондугу Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин ордо оюну үчүн ылайыкташтырылган аянтында өтөт. Байгелүү орундарга ээ болгон командалар Улуттук спорт оюндары боюнча дирекциянын медалдары жана дипломдору менен сыйланат. Ошондой эле мыкты оюнчулар ордо боюнча өлкөнүн курама командасына кошулуп, "Кыргыз Республикасынын ордо боюнча спорт чебери" наамы ыйгарылат. Мелдешти уюштуруу үчүн бюджеттен 233 миң сом каралды", - деп айтылат маалыматта.