ЭЛДИК КАБАР: "Балыкчы шаарындагы жол бир жыл мурун оңдоо үчүн бузулган бойдон турат" дейт окурман

Балыкчы шаарындагы жол бир жыл мурун оңдоо үчүн бузулган бойдон турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Балыкчы шаарынын Аманбаев көчөсү оңдоо үчүн бузулганына 1 жылдан ашты. Жакшынакай жолду талкалап ташташып же оңдошподу. Чаңынан адамдар баса албайт", - деген жергиликтүү тургун нааразычылыгын билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан