Москва шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден 60тан ашык мышык табылды. Бул тууралуу кечээ, 9-апрелде жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, аларды 71 жаштагы киши жана анын 91 жаштагы апасы багып жүргөн.
Жаныбарларды коргоо уюмунун өкүлүнүн айтымында, батирдин жашоочулары мышыктарды багууга эмес, өздөрүнө кам көрүүгө алы келбейт. Айрым учурда аларга коңшулары жардам берип турат.
“Мышыктардын көпчүлүгү ачкалыктан алсыз абалга келишкен. Буга байланыштуу аларды багып алууну каалагандарга таратып беришибиз керек же болбосо каражат чогултуп мышыктарга баш паанек табуу керек. Батирдин жашоочулары эң жакшы көргөн 5 мышыгынан башкасын таратып берүүгө макул болду”, - деп айтылат маалыматта.