Бишкектеги ооруканалардын бирине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган эки жаран оор абалда келип түшкөн.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда эки жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
"№2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган эки жаранды таштап, ал эми өздөрү белгисиз жакка кетип калышкан. Оор абалда келген жарандар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алардын бири алган жаракаттарынан эсине келбей каза болгон. Ал эми дагы бири оор абалда ооруканада. Алардын аты-жөнүн тактоодо каза болгон 45 жаштагы А.И. аттуу жаран болгонун, оор абалдагысы 36 жаштагы У.А. экени такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Ошондой эле бул эки жаран тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.