Өлүм жазасы эң көп ишке ашкан өлкөлөр аталды

2018-жылы кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу дүйнө жүзү боюнча 3 эсеге кыскарган. Мындай маалыматты "Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму сайтына жарыялады.

Маалыматта жазылган сандарга таянсак, 2018-жылы дүйнө боюнча 690 адам өлүм жазасына тартылган. Бул акыркы 10 жылга карата эң аз деген көрсөткүч. Уюмдун башкы катчысы "Өлүм жазасына тартуунун кескин түрдө кыскарышы кылмышкерлерге жазанын бул түрүн эң көп колдонгон өлкөлөрдө да байкалат. Муну менен өлүм жазасына тартуу менен эле кылмыштуулук азайып кетпейт дегенди түшүнсө болот", - дейт.

Кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу эң көп Кытайда, Иранда, Сауд Арабиясында, Вьетнамда жана Иракта катталган. Бирок Кытайдын жылдык отчётунда адам саны толук көрсөтүлгөн эмес. Себеп дегенде, Кытайда миңдеген адамды өлүм жазасына тартуу мамлекеттик сыр деген жүйө менен ачыкка чыгарылбайт. Ал эми Иран, Ирак, Пакистан, Сомалиде өлүм жазасын ишке ашыруу дээрлик 50 пайызга чейин кыскарган. "Эл аралык амнистия" укук коргоо уюмунун изилдөөлөрүндө Белорусия, Япония, Сингапур, Түштүк Судан жана АКШда жазанын бул түрүн ишке ашыруу өскөнү аныкталган.

БУУнун катарына кирген 193 өлкөнүн 106сында өлүм жазасы толугу менен алынган. Ал эми 36 өлкөдө негизинен эле колдонулбайт. 2017-жылы аталган уюмдун маалыматы боюнча дүйнөдө 993 адам, ал эми 2016-жылы 1032 адам өлүм жазасына тартылган. Алардын 27 пайызы баңги каражатттарына байланышкан кылмыштуулук боюнча айыпталгандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан