Португалиянын "Спортинг" клубунун "Жозе Алваладе" атындагы стадиону футболчу Криштиану Роналдунун атына өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, учурда клуб менен оюнчунун өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Стадиондун атын "Криштиану Роналду" же "Жозе Алваладе CR7" деп өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Спортингдин" жетекчилеринин пикиринде мындай кадам демөөрчүлөр менен келишим түзүүгө жакшы шарт түзүп, клубдун популярдуулугун арттырат", - деп жазылат маалыматта.
Криштиану Роналду футболдук карьерасын "Спортинг" клубунда баштап, 2003-жылы "Манчестер Юнайтед" клубуна өткөн. 2009-жылдан 2018-жылга чейин испаниялык "Реал Мадриддин" катарында ойногон. Учурда ал Италиянын "Ювентус" клубунун оюнчусу.