Тайвандык 29 жаштагы Хэ аттуу кыздын көзүнөн дарыгерлер тирүү 4 аарыны алып чыгышты. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Хэнин жакындарынын бири каза болуп, анын мүрзөсүнүн жака-белин тазалап коюу үчүн барып, ал жердеги чөптөрдү отогон. Ошол учурда тамыры катуу чөптү жулуп, бетине топурак чачыраган.
"Мен дароо бетимди, көзүмдү жуудум. Ага карабай көзүм кычышып, ооруп жатты. Топурак киргенге ушундай болуп жатат деп ойлодум. Бирок оорусу күчөй бергенде ооруканага бардым", - деген Хэ.
Ал эми дарыгер анын көзүн микроскоп менен карап жатканда кумурсканын буту сындуу нерсе көрүнгөнүн байкаган. Дарыгер Хунг Чи-Тин андан кийин кыздын көзүнөн 4 даана тирүү аарыны акырындык менен алып чыккан. Галиктид түрүндөгү аарылар кадимки аарылардан бир топ эле кичинекей болот жана адам тердегенде ал жытка азгырылат. Ошондой эле алар кыздын көзүндөгү жаш менен азыктанганы жазылат маалыматта.
Дарыгерлер бул көрүнүш алардын тажрыйбасында гана эмес, дүйнөдө биринчи жолу болуп жаткандыгын, кантсе да кыздын көрүүсү сакталып калганын айтышкан. Анын көзүнө зыян тийбегендигинин себеби өз учурунда ооруканага кайрылган деп жазылат маалыматта.