SUPER TV: Гүлзат Мамытбек: "Ырымды уккан жаштар ойгонот"

Бүгүн, 10-апрелде ырчы Гүлзат Мамытбек кезектеги ырынын клибинин бет ачарын өткөрдү. Ал "Менин колумдан келет" деген аталыштагы чыгармасын кыргыз жана англис тилинде аткарган. Клипке өзгөчө образда тартылган ырчы бул боюнча мындай дейт.

"Клиптин продюсери Алим Серебров z-pop деген жаңы багыттагы стилди ойлоп таап, мен аны өркүндөтүүгө салым коштум. Эмне үчүн "z" деген тамга? Бул "кыргыз" деген сөздүн акыркы тамгасы. Клипке жалпысынан канча суммадагы каражат кеткенин билбейм, себеби чыгымды эсептеген жокмун. Эң негизгиси клипмейкер керек деген сумманы берип жаттым".

Ошондой эле ырчы "бул чыгарма жаштарды ойготот" деген пикирин айтып, чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.

Толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз.

Гүлзат Мамытбек: "Ырымды уккан жаштар ойгонот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tursunbaev78
2019-04-10 19:32:29
кайрадан сахнада Гүлзат Мамытбек
+3
Dembele84
2019-04-10 19:39:55
Бул дагы Бузовага окшоп ар нерсе болуп,эптеп шоу дуйного аралашмай экен да,же бир голосу болсо олойун...
+3
Cosmos
2019-04-11 00:30:37
Dembele84, Бузованын клиптери Россиянын эн кымбат жана сапаттуу, сундуку отстой болуп жатпайбы. До Бузову расти и расти. У неё гонорар 3млн ₽
+1
Dembele84
2019-04-11 10:21:43
Cosmos,Бузованын клиптерине салыштырган жокмун,ал дагы уну болбосо да ар нерсеге башын тыга берет ошону айтып жатам
+1
Snare
2019-04-10 20:54:58
Сенин ырыны укмак турсун озуну коройун деген козум жок.
+6
Medina87
2019-04-11 01:18:08
Эмии, Гулзат сага Кудайым бешенене жазган экен ушинтип элге таанымал болосун депчи.
Бирок Кыогыздын З тамгасын колдонбой эле койчу сураныч??
Оз алдынча эле озуну тааныта берчи а?
+2
gitaris93
2019-04-30 13:51:44
Сенин ырыңды уккандар ойгонбой жоголот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан