Бишкекте алгачкы жолу казак күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында алгачкы жолу казак күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Казак күрөшү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 16-апрелде Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия борборунда өтөт.

"Мелдеш 16 жаштан жогорку эркектер жана аялдар арасында өткөрүлүп, жалпы 12 комплект медалдар ойнотулат. Чемпиондуктун жыйынтыгы менен казак күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Казак күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунда эркектер арасында 55, 60, 66, 74, 82, 90, 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак категорияларында мыктылар аныкталса, аялдар арасында 52, 57, 63 килограммга чейинки жана 63 килограммдан жогорку салмак категорияларында чемпиондор аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjmax21
2019-04-11 12:55:05
Казакстанда дагы ушинтип Кыргыз курошун уйуштурат болду бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан