Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Шахмат федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалы бар.
"Айжан Съездбекова 10 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдештен алтын медаль тагынса, Эржан Жакшылыков 12 жашка чейинки балдар арасындагы мелдештен күмүш медалды жеңип алды. Ал эми Бегимай Заирбек кызы 18 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште күмүш медалдын ээси болду", - деп айтылат маалыматта.
Шахмат боюнча Азия чемпиондугу 2-апрелден 10-апрелге чейин Калутара шаарында өтүп, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Жаңы Зеландия, Индия, Иран, Монголия, Вьетнам, Таиланд, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 8 жаштан 18 жашка чейинки шахматчылар катышты.