28-июль күнү Токмок шаарынын 53 жаштагы Б.А. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, бул күнү саат 12:45 чамасында 40-45 жаштардагы азиат улутундагы эркек 5 жашар кызына күч колдонуп, зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген. Арыздын негизинде ШИИББинин кызматкерлери ыкчам-иликтөө чараларын көрүшкөн. Натыйжада кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 47 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда. Факты боюнча “Зордуктоого аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.