SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каармандары - шоумен Санжар Мыкыев менен ырчы Роза Шакирова. Алар өздөрүнө берилген тапшырманын негизинде курулуш тармагында иштешти.
Кран башкарган Санжар Мыкыев бул жаатта тажрыйбасы жок экенин айтса, кирпич койгон Роза Шакирова "убагында мындай жумуштарды кылып эле жүргөм" дейт.
Өнөр адамдары бири-бири менен тамашалашып, ал ортодо обон созо ырдап, шаңдуу маанайда иш жүргүзүштү. Берүүнүн соңунда, "Биздин колубуз тийген үйгө жашаган инсандарга жалаң гана жакшылыктарды каалайбыз" деген аруу тилектерин айтышты.
Санжар Мыкыев менен Роза Шакирова өздөрүнө берилген тапшырманы канчалык деңгээлде аткара алгандыгын төмөндөгү видеосюжеттен көрө аласыздар.