15 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн улуттук курама команда Кытайда өткөн "Silk Road Huashan Cup" аталган эл аралык мелдеште 3-орунду алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
Белгилүү болгондой, кыргыз футболчулары мелдеште жалпы 3 оюн өткөрүп, экөөсүндө жеңилип калган.
"Алгачкы беттеште өспүрүмдөрдөн куралган команда тажикстандык теңтуштары менен беттешип, 8:0 эсебинде жеңилип калышты. Экинчи оюнда талаа ээлери Кытай курамасына каршы ойноп, 6:0 эсебинде кытайлык футболчулар жеңишке жетишти. Ал эми Мьянма менен болгон беттеш Эльзар Мелисбек уулу менен Ааламбек Абылкасымовдун голдорунун негизинде 2:1 эсеби менен кыргыз футболчуларынын пайдасына чечилди.
Жыйынтыгында Кыргыз курама командасы мелдеште 3-орунга ээ болду. Биринчи орунду Тажикстан багындырса, Кытай курамасы 2-орунду алды", - деп айтылат маалыматта.
"Silk Road Huashan Cup" мелдеши 6-апрелден 10-апрелге чейин Кытайдын Вэйнань шаарында өтүп, ага Кытай, Мьянма, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнөн келген командалар катышты.