Мадриддик "Атлетико" клубунун чабуулчусу Диего Коста сезондун аягына чейин футболдон четтетилди. Бул тууралуу Испаниянын спорттук басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Коста Испан футбол федерациясы тарабынан 8 беттешке дисквалификацияланды. Буга футболчунун 7-апрелде өткөн "Барселона" - "Атлетико" беттешиндеги жоругу себеп болду.
7-апрелде испан чемпиондугунун алкагында "Барселона" клубу "Атлетикону" 2:0 эсебинде жеңип алган. Беттештин 28-мүнөтүндө Диего Коста калыска карата кемсинткен сөздөрдү айткан үчүн кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, оюндан четтетилген.
"Атлетико" клубу сезондун аягына чейин 7 беттеш өткөргөнүнө байланыштуу, Коста бул сезондо талаага чыкпайт. Ошондой эле кийинки сезондун алгачкы беттешине катыша албайт.
Диего Коста 2010-2014-жылдарда "Атлетико" клубунун катарында ойногон. 2014-жылы "Челси" клубуна өтүп, 2018-жылы кайра мадриддик клубга кайтып келген. Ал жалпы жонунан "Атлетико" үчүн 124 оюнда 48 гол жараткан.