Жалал-Абад облустук китепканасынын №2 филиалы качан барсаң жабык. Сыртында топтошкон студенттер дайыма күтүп турушат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Түштөнүү убактысы бүткөн маалда, саат 2лерде барсам китепкана дагы деле жабык. Мурда да барып алган китептеримди өткөрөйүн десем эшиги бек болчу. Кайра кетип калгам. Кийинки келишимде мен эле эмес студенттер дагы китеп алабыз деп топтолуп күтүп турушуптур. Бул алгачкы жолку көрүнүш эмес. Кароосуз калган мекемедей эле дайыма жабык турат.
Билимге умтулуп китеп окуган жаштар азыр аз, бирок аймактарда студенттер китепканаларга көп барышат. Алардын шагын сындырып, китепканачы кызматкерлер сураган китебин таап беришпей, ар кайсы филиалдарга жөнөтө беришет. Окуп жаткан балдардын убактысын сыйлоо, алардын билимге болгон умтулуусун колдоо, жардам берүү дегенди ойлогон бир да китепканачы жок. Облустук китепкана болгондон кийин казынасы кенен эле да. Китепканачылар сураган китебиңди таап бербей, андай жок деп кагып- силкип жооп берип кутулушат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.