Дарбазачы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

"Учурда Кутман Кадырбековдун абалы жакшы. Операция ийгиликтүү өттү. Ооруканага деле көпкө жатпайт. Анын ден соолугу үчүн санаа тарткан күйөрмандарына рахмат. Жакынкы күндөрү машыгууга кайтат", - деп билдиришти федерациядан.

Ал эми Кутман ойногон "Дордой" футболдук клубу анын сакайып кетишин каалап, футболкасы менен сүрөткө түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2019-04-12 22:25:09
Батыраак айыгып кетсин.
+3
Nur777
2019-04-12 22:30:57
Ден соолугу чын болуп,оорубасын!
+3
prime_gul
2019-04-13 08:34:41
Кудайым шыпаасын берсин КутМэн!!! Эртерек жакшы болуп кет!!!
+3
Bale1111
2019-04-13 09:09:12
,кыргыз футболчуларына ден соолук жана ийгилик
+3
souza.j
2019-04-13 13:21:05
Алла шыпаасын берсин баатырга
+2
i1urp
2019-04-13 14:20:04
Жараткан Тенирим ден соолук берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан