Көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын командалары Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүшөт

14-апрелде көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын командалары Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, күйөрмандар менен жолугушууга Жогорку Лигада ойногон 6 команданын оюнчулары катышат. Алар: "Ынтымак", "Достук", "Бакубат-Талас", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн" жана "Сары-Өзөн-Рассвет".

Алар күйөрмандардын суроолоруна жооп берип, кызыктыруучу белектер ойнотулат. Иш-чарага эстрада ырчылары да катышат. Жолугушуу улуттук оюндарды жайылтуу, өнүктүрүү максатында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан