Ысык-Көл облусунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды
21-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда УКМКнын ыкчам изилдөө кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган жаран колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирет. Кармалган жарандын үйүнөн диний-экстремисттик мүнөздөгү китепчелер табылып, анын "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү экени аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.