Бишкекте “Фуджин” дүкөндөр тармагынын директору каза болду

24-июлда Бишкек шаардык ИИББине 42 жаштагы В.Х.И. аттуу кытай жараны кайрылып, 49 жаштагы күйөөсү, “Фуджин” дүкөндөр тармагынын директору Г.Т.Ч. үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегендигин билдирген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 25-июлда саат 01:15те темир жол вокзалына жакын аймактагы эстеликтин жанындагы арыктан азиат түспөлүндөгү катуу сабалган жаран табылган. Жабырлануучу №4-травматологиялык ооруканага жеткирилип, милиция кызматкерлери ал издөөдөгү Кытай жараны Г.Т.Ч. экендигин аныкташкан. Арыз менен кайрылган В.Х.И. күйөөсүн тааныган. Г.Т.Ч. оор жаракаттан улам, ошол эле түнү эсине келбей, шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө каза болду. Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу боюнча иликтөө аракеттери көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан