Москва соту Фейсбукка 3 миң рубль айып пул салды

Москва шаарынын соту Фейсбукка 3 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Байланышты көзөмөлдөө федералдык коопсуздук кызматынын (Роскомнадзор) талабы менен орусиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтар кайда сакталганын так айтуудан баш тарткандыгы үчүн Фейсбукка айып пул салынды. Орусияда жарандардын жеке маалыматтары өлкө аймагында жайгашкан серверлерде сакталууга тийиш деген мыйзамдар кабыл алынган. Буга чейин былтыр декабрда аталган кызмат социалдык тармактарга кат жазып, мыйзамдын аткарылышы боюнча эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
urmat94
2019-04-14 11:44:07
3 мин рубль???
0
aminali
2019-04-14 14:17:47
Иий байкуш фейзбуук кантип толойт эми?!
+3
Bekboloooot
2019-04-14 18:46:04
пол жуугуч ишкерии толоп койотко муну фейсбуктун
+1
urmat94
2019-04-14 19:57:20
Секундда тапкан акчасы болсо керек
+1
baltabaev
2019-04-14 21:43:19
Биздин комментарии кана с.инфо?
Неге андайсынар
+3
admin_portal
2019-04-15 10:47:47
baltabaev, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жазыңыз.
-2
baltabaev
2019-04-29 09:40:21
admin_portal,тиешелуу дарек кандай?
0
admin_portal
2019-04-29 09:59:41
baltabaev, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
https://www.super.kg/erejeler
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан