Кечээ, 14-апрелде Украинада президенттикке талапкерлер Володимир Зеленский менен Петро Порошенконун дебаты өтмөк. Бирок Зеленский ага келбей койду.
Маалыматтарга ылайык, Зеленский бул дебаттан баш тартканын алдын ала айтып, 19-апрелде өткөрүүнү сунуштаган. Порошенко буга карабай Киевдеги “Олимпийский” стадионунда элди чогултуп, атаандашына 45 мүнөт берди. Жарым саат күткөндөн кийин ал “Ты ж мене пидманула” (“Сен мени алдадың го”) деп ырдап Зеленскийди шылдыңдады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык, расмий дебат Коомдук телеберүүнүн студиясында 19-апрелде өтүш керек. Ошондуктан стадиондо өтө турган дебат расмий эмес деп эсептелет.
Украинадагы президенттик шайлоонун 1-турунан талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко өткөн. Шайлоонун 2-туру 21-апрелге дайындалган.