"Бэйби-бум". Быйылкы жылы бешик терметип, жентек той өткөрө турган шоу-бизнестин өкүлдөрү

2019-жыл "Бэйби-бум" жылы болот өңдөнөт. Тагыраагы, быйыл жыл башынан бери шоу-бизнес өкүлдөрүнөн ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова, Айпери Кубик кызы, Кундуз Канатбек кызы, Омар, Талант Кадыров, алып баруучулар Максат Надырбеков менен Нурзат Токтосунова, актёр Жеңиш Майрамбек уулу наристелүү болушкан. Бул тизмекти шоу-бизнестин дагы кайсы өкүлдөрү толуктайт? SUPER.KG порталы үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жаткан белгилүүлөрдү тизмектеп көрдү.

Ырчы Арсен менен жубайы Бегайымдын үй-бүлөсүндө толуктоо күтүүдө. Түгөйлөр 2018-жылы июль айында үйлөнүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев үчүнчү ирет ата болот. Ырчынын жубайы Эльвира Примбердиева ай-күнүнө жетип калганын айтып, жакында сүйүнчүлөй турганын билдирди.

Бийчи, хореограф Максат Токтоналиев тун нарситесин күтүп жаткан кези. Ата болорума ишене албай жатам деген бийчи буларга токтолду.

"Жубайымдын боюнда бар экенин бир ай болгондо билдим. Ошондо ата болорума ишенбей аябай толкундандым. Жаңы үйлөнгөндө качан боюнда болот деп, улам эле тест менен текшере берчүбүз. Кийин өкүл апабыз (ред.: Эльвира Примбердиева) "Кудай буюрса балалуу болосуңар, аны эмне эле аңдыйсыңар" деп урушкан. Ошондон кийин текшербей күтүп калганбыз", - дейт.

Максат Токтоналиев жубайы Азада менен өткөн жылдын июнь айында баш кошушкан.

Актёр Кубанычбек Курманбеков быйыл экинчи ирет ата статусун алат. Ал жубайы Замира менен 2015-жылы баш кошуп, бир уулдуу болушкан.

Шоумен Санжар Мыкыев менен жубайы Наристе дагы экинчи наристесин күтүүдө. Санжар мырза 2013-жылы ноябрь айында сүйүктүүсү менен баш кошкон. Учурда түгөйлөрдүн Фатима аттуу 4 жаштагы кызы бар.

Быйыл ырчы Асконун үйүндө дагы толуктоо орун алат. Ырчы жубайы Бегайым менен 2015-жылы баш кошуп, 2017-жылы Дария аттуу кыздуу болушкан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков дагы жогорудагы тизмекти толуктайт. Ырчынын жубайы кош бойлуу сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, күйөрмандары "аман-эсен көз жарып ал" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.

"Жебе" тобунун мурунку ырчысы Минур Алтынбеков дагы бул жылы ата статусуна ээ болот. Ырчы сүйүктүүсү Жазгүл менен 2018-жылдын сентябрь айында үй-бүлө курган.

Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия кыздуу болорун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтышкан. Анда түгөйлөр курсактагы ымыркай кыз экенин билгенде сүйүнүчтөрүн жашыра алышкан эместигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан